Махмудов Акжол Махамаджанович — өмүр баяны
17:47 02.08.2021 (Жаңыртылды: 11:05 11.09.2022)
© Фото / United World WrestlingАкжол Махмудов
![Акжол Махмудов Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021](https://sputnik.kg/img/07e6/06/05/1064980067_0:57:1069:658_1920x0_80_0_0_ec3863ba1732105db08dec7bfc87d15f.jpg)
© Фото / United World Wrestling
Жазылуу
Махмудов Акжол Махамаджанович 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган.
Билими:
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетин аяктаган.
Атасы Махамаджан Махмудов 1971-жылы туулган. Акжол — беш бир туугандын үчүнчүсү.
Жетишкендиктери:
2015 — Индияда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;
2016 — Тайбэйде өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;
2016 — Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын медаль;
2016 — Москвада өткөн Борис Гуревич атындагы кадеттер арасындагы турнирде алтын медаль;
2017 — Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;
2017 — Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;
2017 — Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;
2018 — Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын чемпиону;
2018-жыл, июль — Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль;
2018, август — Индонезиядагы Азия оюндарында күмүш медаль;
2018, сентябрь — Словакиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль.
2021 — Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Финалда венгриялык Тамаш Лёринцке 1:2 эсебинде утулуп калган;
2022 — Монголиянын Улан-Батор шаарында болгон Азия чемпионатынын чемпиону;
2022 — Түркияда өткөн Ислам тилектештиги оюндарында алтын байге уткан.
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов.