00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Багын "Саманчынын жолу" ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКинорежиссер Геннадий Базаров
Кинорежиссер Геннадий Базаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү режиссёр, сценарист Геннадий Базаровдун туулган күнү. Түрдүү жанрдагы ондогон мыкты тасмалардын автору 77 жашка толду.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиянын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн кыргыз киносуна арнаган инсандын чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кинону эңсеген окуучу. Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы партиялык кызматкер болгондуктан балалыгы өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө көчүп-конуп өткөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде "Советтик Кыргызстан" киножурналынын операторлорунун иштегенин көрүп, кино тармагына кызыгуусу артат. Ошол учурдан баштап ал өз кыялын ишке ашыруу максатында өз алдынча фотоаппарат менен иштегенди, сүрөт тартканды үйрөнө баштайт. 

© Фото / Александр ФедоровБазаров 23 жашында "Саманчынын жолу" тасмасын тартып, жылдызы жанган
Багын Саманчынын жолу ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты - Sputnik Кыргызстан
Базаров 23 жашында "Саманчынын жолу" тасмасын тартып, жылдызы жанган

Москвага жетүү үчүн эки жыл иштеп... Мектепти аяктаган соң, тасма тартуу жаатында тажрыйбасы жок болгондугуна карабай "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштейт. Анткени ошол учурда Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна тапшыруу үчүн ал жакта сөзсүз иштөө талабы болгон. Катардагы жумушчу болуп, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиевди ээрчип, ассистент кызматын аркалайт. 1961-жылы режиссёрлук адистигине ээ болуу үчүн Москвага жол тартат.

Айтматовдун көзүнө илингенде. СССРдин борборунда билим алып жүргөн Базаровдун курстук иштерин белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов көрүп, өзүнүн "Саманчынын жолу" повести боюнча тасма тартууну 23 жаштагы Геннадийге ишенип тапшырган. Ошентип, залкар калемгердин сунушу менен дипломдук иши болгон биринчи тасмасы 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, чоң киного ийгиликтүү кадам таштайт. Көркөм тасма коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган. 

© Фото / Александр ФедоровБелгилүү режиссер замандаштары Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев менен
Багын Саманчынын жолу ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү режиссер замандаштары Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев менен

Күчтүү сүрөтчү, сценарист. Кийинки жылдары СССРдин кинематографиясынын отличниги "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмаларды жаратат. Сценаристтин кесиптештери менен замандаштары аны мыкты сүрөткер деп эсептешет. Анткени Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты өзүнүн эмгектерин башкача көз караш менен карап, окуяны же каарманды ачып берүүдө өзгөчөлөнүп, дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Эл артисти 60 жылдан бери кинематография тармагында эмгектенип келет
Багын Саманчынын жолу ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Эл артисти 60 жылдан бери кинематография тармагында эмгектенип келет

Чаалыкпаган автор. Кыргыз Республикасынын эл артисти учурда "Кыргызтелефильмде" кинорежиссёр болуп, тасма тартуудан сырткары аталган студияда көркөм кеңештин мүчөсү. Пенсия курагында болгондугуна карабай, коомдук телерадиоберүү корпорациясына 25 жылдан бери "Альтернатива" деп аталган автордук телеберүүсүн даярдап келет. Жалпы Геннадий Базаров 60 жылдан бери тасмалар менен алпурушууда. Байбичеси менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, учурда алардын сый-урматына бөлөнүп турган чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0