https://sputnik.kg/20210603/bishkektegi-marshrutka-aydoochulary-aryz-armanyn-aytyshty-1052712950.html
Үнүбүз элге жетпей жатат. Маршруткалардын айдоочулары үн катты
Үнүбүз элге жетпей жатат. Маршруткалардын айдоочулары үн катты
Sputnik Кыргызстан
Айдоочу кайрылуусунда аткаминерлер керек болгондо өздөрүнүн суроосун беш мүнөттө чечип алышарын, ал эми алардын тариф маселеси алты айдан бери сүйрөлүп келе... 03.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-03T14:51+0600
2021-06-03T14:51+0600
2021-12-15T22:54+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
бишкек
маршрутка
айдоочу
тариф
кымбаттоо
https://sputnik.kg/img/07e5/06/02/1052695115_0:268:3072:1996_1920x0_80_0_0_794633215d1b1812f1951c3222dfcd50.jpg
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары ишке арга жок калгандан кийин чыкпай койгондуктарын билдирип, эл дагы аларды түшүнүшү керектигин айтышты. Бүгүн Көк-Жар кичи районундагы эң акыркы аялдамалардын биринде жыйын өттү.Айдоочулардын өкүлү алар жасаган жакшы иштер, төккөн салыктар көз жаздымда калып жаткандыгын кошумчалады."Биздин маселени Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары келгенде карайт дешти, бирок азыркылары карап, чечип берсе жакшы болмок ", — деди ал.Белгилей кетсек, кечээтен бери Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.Мэрия маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилерин билдирген.
https://sputnik.kg/20210603/bishkek-mehriyasy-taksistterge-kajryldy-1052708179.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/02/1052695115_199:0:2930:2048_1920x0_80_0_0_c74abd604f74bcd047d1151d5d5facc3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы , бишкек, маршрутка, айдоочу, тариф, кымбаттоо
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы , бишкек, маршрутка, айдоочу, тариф, кымбаттоо
Үнүбүз элге жетпей жатат. Маршруткалардын айдоочулары үн катты
14:51 03.06.2021 (Жаңыртылды: 22:54 15.12.2021) Айдоочу кайрылуусунда аткаминерлер керек болгондо өздөрүнүн суроосун беш мүнөттө чечип алышарын, ал эми алардын тариф маселеси алты айдан бери сүйрөлүп келе жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары ишке арга жок калгандан кийин чыкпай койгондуктарын билдирип, эл дагы аларды түшүнүшү керектигин айтышты. Бүгүн Көк-Жар кичи районундагы эң акыркы аялдамалардын биринде жыйын өттү.
"Биздин балдардын талабы баа боюнча болуп жатат. Ага 2021-жылдан бери тарифтин көтөрүлбөгөнү, күйүүчү майдын, тетиктердин кымбатташы себеп болууда. Көп балдардын (айдоочулардын — ред.) кредити бар. Бул жерде түнкүсүн иштегендер да жок эмес. Биз элди карап жатабыз, эл дагы биздин көйгөйлөрдү түшүнүшү керек. Аларды калкка айталы деп жеткире албай жатабыз. Чоңдорго жеткени менен бирок ары кетпей жатат. Алты айдан бери күтүп келе жатабыз, айла жок болуп калды. Тетиктер кымбаттап, мурда 500 сом болгондору азыр 2000 сомго чыгып кетти. Үйгө деле акча алып келбей калдык. Батирдин ижара акысын төлөп жашаган айдоочулар бар. Аткаминерлер өздөрүнө керектүү мыйзамдарды беш мүнөттө чечип жатпайбы, алты айдын ичинде биздикин да чечип койсо болмок да", — деди айдоочулардын бири.
Айдоочулардын өкүлү алар жасаган жакшы иштер, төккөн салыктар көз жаздымда калып жаткандыгын кошумчалады.
"Биздин маселени Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары келгенде карайт дешти, бирок азыркылары карап, чечип берсе жакшы болмок ", — деди ал.
Белгилей кетсек, кечээтен бери Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.
Мэрия маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси
сентябрь айында чечилерин билдирген.