Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сымкат айылында 23-октябрь күнү 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбеков өз жанын кыйган. Айылдашынын акчасын уурдап алды деген арыздын негизинде милиция баланы суракка алган. Окуучу ак экенин айтып, бир нече күн мурда коштошуу катын калтырып кеткен.