БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрү көмүрдүн түрүнө (майда, орто, кесек) жана кубаттуулугуна карата дүң баасын белгилейт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Мекемеден маалымдашкандай, дүң бааны белгилөөдө көмүрдү казууга кеткен чыгымдар менен салыктар да эске алынат. Ошондой эле, чекене сатыктагы көмүр бардык чыгымдарды кошкондо кошулган баа 10%дан ашык болбошу керек.
"Чекене сатыктагы көмүрдүн белгиленген баасы бардык колдонуучулар үчүн бирдей. Бирок, социалдык жактан муктаж жарандар жеңилдик менен ала алышат. Көмүрдү чекене түрдө саткан сатуучулар анын баасын өкмөттүн токтому менен бекитилген каттоо китепчесине жазашы керек", – деп айтылат Антимонолияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тараткан билдирүүдө.
Республика аймагында кара алтындын баасы кескин өсүп бара жаткандыктан, өкмөт көмүрдүн баасына негизсиз кошулган бааларды жөнгө салуу боюнча токтом кабыл алган болчу.