00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады
11:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Светлый праздник: как Пасха объединяет православных Кыргызстана
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз тикмечилери жеткирүүчүлөрдү жана сатуучуларды бир аянтчага чогултууда. Жеңил өнөр жай тармагындагы көргөзмө
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
Гепатиттин В, С, D түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты — бул сан көбөйүшү мүмкүн
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кожа под угрозой: какие болезни активизируются летом и как с ними бороться
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Алыкулдун тагдырындагы табышмактарды ачкан Мундузбек Тентимишевдин маеги
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От энергетики до замороженных ягод: как РКФР вкладывает миллиарды в экономику КР
18:07
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Гепатиттин В, С, D түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты — бул сан көбөйүшү мүмкүн
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Өлкөдө жумуртканы импорттоого алты айга чектөө киргизүү каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, бул чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Министрлик канаттуулар чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, натыйжада жумуртканын импорту акыркы үч айда 1 миллион 836 миң болсо, экспорт 8 миллион 800 миңге жеткенин билдирди.
Редакция материалдын алдындагы комментарийге жооп бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ЖМК тууралуу мыйзам каралып жатканда билдирди. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды. Талкуу маалында Түлөбаев жарыялаган материалдын алдындагы комментарийлерге редакция жооп бериши керектигин айтып, экинчи окууда бир катар сунуштарын берерин билдирди. Министрдин орун басары бирөөнүн комментарийине редакциянын жооп бериши туура эместигин айтып, бирок өзүн сыйлаган редакция чагымчыл, улут аралык кастыкты козуткан жана башка ушул сыяктуу мыйзамсыз мазмун камтылган комментарийлерди тазалашы керектигин белгиледи. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө блогерлердин ишин дагы тескөө зарыл экени айтылды. Натыйжада депутаттар аталган мыйзамды биринчи окууда колдоп беришти.
Кыргызстанда курал колдонуп, улуттар аралык жаңжал чыгаруу жана мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу максатында массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн жасалган аракеттин алдын алышканын УКМК билдирди. Атайын кызмат жылдын башынан тарта эле артында идеялык жактан шыктандырган адамдар турган топтун ишин байкоого алып келе жаткан. Алардын бири чет өлкөдө качып жүргөнү, болжол менен азыр Бириккен Араб Эмирлигинде экени айтылды. Топтун мүчөлөрү чет өлкөлүктөр мазактады делген "токмоктолгон, жарым жылаңач кыргыз кыздын" жалган окуясын ойлоп чыгарып, аны чагымчылдык максатында видеого тартууга камынган. Сценарий боюнча ал роликте жалынып, жардам сурамак. "Тартылган кадрлар кыргызстандыктардын намысын ойготуп, Бишкекте 2024-жылы май айындагыдай окуяны жаратат деген максатты көздөшкөн", — деп айтылган маалыматта. Андан кийин атайын даярдалган куралдуу топтордун уруш, мушташ чыгарып, чет элдиктер жашаган аймактарды талап-тоноосу пландалган.
Демократиялык партиядан шайланган конгрессмендер АКШ президенти Дональд Трамптан америкалык ишкер Илон Маскты 30-майга чейин өкмөттүк жумуштан четтетүүнү талап кылып кайрылышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Маскты 30-майга чейин өкмөттөгү кызматынан бошотушуңуз керек", — деп жазылат жолдонгон катта. Ал арада демократ Грег Касар Axios порталына ишкерди кызматынан алдыруу үчүн демократтардын "бардык юридикалык жана саясий инструменттери бар" экенин билдирген. Эскерте кетсек, Трамптын чечими менен жаңы түзүлүп, Маск жетектөөгө дайындалган АКШдагы Мамлекеттик майнаптуулук департаменти "федералдык агенттиктерди кайра түзүп чыгып, чыгымын азайтууга" багытталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0