00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
100 жылдык тарыхы бар кыргыз милициясы кадр даярдоодо эмнелерге көңүл бурат?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Учиться никогда не поздно: как дополнительное образование меняет карьеры?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 150 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилет
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Звёзды зовут: как начать наблюдать за небом и не пропустить главное
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
25 студент тапшырса бирөө гана аягына чейин окуп нейрохирург болуп чыгат. Кесиптин оош-кыйышы тууралуу маек
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Прародина кыргызов: почему историки до сих пор не пришли к единому мнению?
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө турак жайлардын 22 пайызы гана камсыздандырылган – Эмне үчүн үйдү камсыздандыруу зарыл жана аны кантип аткаруу керек?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Остеохондроз у молодых: как гаджеты и сидячий образ жизни портят спину
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манас аэропортун салдырып, кыргыз уяң жүнүн союзда брендге айланткан Сабирдин Турсунов
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бишкек в едином стиле: как должны выглядеть фасады столицы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ИИ и финтех в одном флаконе: как технологии меняют мировую экономику
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө турак жайлардын 22 пайызы гана камсыздандырылган – Эмне үчүн үйдү камсыздандыруу зарыл жана аны кантип аткаруу керек?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалал-Абадда жаңгак боюнча эл аралык фестиваль өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалал-Абадда жаңгак токоюн сактап калуу боюнча фестиваль өтөт
Жалал-Абадда жаңгак токоюн сактап калуу боюнча фестиваль өтөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль өтө турган Барпы атындагы Кыргыз драма театрында Жалал-Абаддагы жаңгак токоюнун азыркы абалы боюнча сөз болуп, ага кошумча көргөзмө-жармаңке уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Жалал-Абадда үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында жаңгакты сактап калуу жана ага инвестиция тартуу максатында биринчи ирет жаңгак фестивалы өтөт. Бул туурасында "АгроЛид" коомдук бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалдын максаты – Жалал-Абаддагы жаңгак токоюн сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу менен грек жаңгагынын маркетингин жакшыртып, инвестиция тартуу үчүн Кыргызстандын имиджин жакшыртуу. 

Кыргызстанда дүйнөдө аймагы, баалуулугу жана уникалдуулугу боюнча сейрек кездешкен эң чоң жаңгак токойлору жайгашкан. Учурда бул байлыкты сактап калуу зарылдыгы турат.

Фестиваль өтө турган Барпы атындагы Кыргыз драма театрында жаңгак токоюнун азыркы абалы жана учурда жаңгактын кандай сатылып жаткандыгы туурасында форум болот. Буга кошумча жаңгак жана токой өсүмдүктөрүнүн көргөзмө-жармаңкеси уюштурулат.

"Жаңгак токойлору – КРдин улуттук байлыгы, ал Жалал-Абад облусунун токой колдонуучуларынын жашоосуна, ден соолугуна зарыл делген заттар менен камсыздоодо жана Кыргызстандын экономикасынын өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт", — деп айтылат аталган уюмдун тараткан билдирүүсүндө.

Токойду ысырапкерлик менен колдонуунун кесепетинен, анын аянты кескин кыскарып, деградацияга кабыла баштаган. Акыркы учурда ал жерге мал жайып, отун катары дарактарын кыйып, кээ бир аймактарды айдоо жер катары пайдалангандыктан, токойго бир топ зыян келген. 

Андыктан, уникалдуу бул жаңгакты сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу керек дешет фестивалдын уюштуруучулары. 

Иш-чара "АгроЛид" коомдук бирикмесинин жана бир канча уюмдардын, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын "Соодага жардамчы болуу" долбоорунун алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0