Аталган облустун үч районунда 25-26-июнь күндөрү жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча ишембиликтер өттү. Иш-чара баңгизатка каршы күрөшүү эл аралык күнүнө карата жыл сайын өтүүчү "Мак-2015" операциясынын алкагында ишке ашты.
ОИИБнын маалыматы боюнча, бул жылы 222 миң гектар жер текшерилип, анын 548 гектарында кара куурай өсөөрү аныкталган. Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жалпы жонунан 14 гектарлык аймактан 39 тонна 173 кг кара куурай жок кылынды.
Ишембиликте милиция кызматкерлери, атайы бригадалардын мүчөлөрү, жумушсуз катары каттоодо турган жарандар катышты.