Тасманын сценарийин Океев менен бирге жазган Тимур Зульфикаров өз чыгармачылыгында перс, араб, түрк мотивдерин кеңири колдонот. Ошон үчүн режиссер алдыңкы Азиянын улуттук жана маданий өзгөчөлүктөрү менен тоолук кыргыздардын кулк-мүнөзүнүн айкашуусунан тасма үчүн жакшынакай материал чыгарын көргөн.
Төлөмүш Океевдин мекени Төрт-Күл айылынын тоо этектеринде фильмдин кыргыз бөлүгү тартылган. Массалык сюжеттердин көбүнө режиссердун айылдаштары менен туугандары катышып, фильмди жаратууга колдорунан келген жардамын көрсөтүшкөн.
Фото сүрөтчү Александр Федоров тасма тартылып жатканда "Ганем-фильмдин" өкүлү Душанбеге келип, материалдарды көргөндөн кийин, эротика жетишпей жатканын айтканын эскерет.
Көпкө талашып-тартышкандан кийин Муфазал менен Алтынбүбүнүн сүйүү сценасын тартууну чечишет. Бирок Асел кийимсиз тартылгандан таптакыр баш тартып, анын ордуна дублер табышат. Аталган эпизодду жабык павильондо аз кишинин катышуусу менен тартышкан.
"Ганемдин өкүлү менден ошол сцена тартылган пленкаларды сүрөтүн өзүбүз чыгарабыз деп алып кетип, менин камерамда бир эле кадр калган. Тасманын советтик прокатында ал эпизод көрсөтүлгөн эмес", — дейт Федоров.
Тасманын өзөгүн түзгөн сүрөтчү Манинин окуясы бала кезинен тартып дасыккан сүрөтчү болгонго чейинки өмүрүн баяндайт.
Бул укмуштай кооз жана көз алдыңдан бир кайып сыяктуу закымдап өткөн кереметтүү чыгыш жомогун мурдатан көргөндөр же болочокто көрө тургандар окуянын кайгылуу аякташы жөнүндө дагы көп жолу эч тыянаксыз талашып-тартышар.
![Тасманын өзөгүн түзгөн сүрөтчү Манинин окуясы бала кезинен тартып дасыккан чебер болгонго чейинки өмүрүн баяндайт. Тасманын өзөгүн түзгөн сүрөтчү Манинин окуясы бала кезинен тартып дасыккан чебер болгонго чейинки өмүрүн баяндайт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101797/99/1017979906_0:0:2000:1737_600x0_80_0_1_6e1d8948020e15a5ec66f47766c8de67.jpg)
![Кыргыз сулуусу – бийчи Алтынбүбү Кыргыз сулуусу – бийчи Алтынбүбү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/03/1017980314_0:0:4071:3800_600x0_80_0_1_026553001a91f5acb4cb6934a56908f2.jpg)
![Тасма тартыла турган жерлерди караштырып жатышат. Режиссер Төлөмүш Океев жана оператор Нуртай Борбиев Ысык-Көлдүн чет-жакасында Тасма тартыла турган жерлерди караштырып жатышат. Режиссер Төлөмүш Океев жана оператор Нуртай Борбиев Ысык-Көлдүн чет-жакасында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/03/1017980369_0:0:1992:2000_600x0_80_0_1_c0bd37bff28edd0539228299b896e581.jpg)
![Бийчини каракчылар уурдап бара жатканы Бийчини каракчылар уурдап бара жатканы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/04/1017980424_0:0:2000:1534_600x0_80_0_1_e7ba40d016b0ae1d1d289b74b4919dce.jpg)
![Төлөмүш Океевдин мекени Төрт-Күл айылынын тоо этектеринде фильмдин кыргыз бөлүгү тартылган. Массалык сюжеттердин көбүнө режиссердун айылдаштары менен туугандары катышкан. Төлөмүш Океевдин мекени Төрт-Күл айылынын тоо этектеринде фильмдин кыргыз бөлүгү тартылган. Массалык сюжеттердин көбүнө режиссердун айылдаштары менен туугандары катышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/04/1017980479_0:0:2200:901_600x0_80_0_1_779cb3ccf22c447499743f844f8942de.jpg)
![Орто кылымдагы Бухаранын кул базары Орто кылымдагы Бухаранын кул базары - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/05/1017980534_0:0:2000:1900_600x0_80_0_1_57ff4c26a35089257c00cc570cba5ce5.jpg)
![Карапачынын устаканасы. Байыркы Хива шаарынын курулуштары менен көчөлөрү… Карапачынын устаканасы. Байыркы Хива шаарынын курулуштары менен көчөлөрү… - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/05/1017980587_0:0:2000:1755_600x0_80_0_1_bb97f4470d4896ebb232bb6a01b8e670.jpg)
![… шаар натурасын тартуу үчүн аянтча болгон … шаар натурасын тартуу үчүн аянтча болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/06/1017980651_0:0:1716:2000_600x0_80_0_1_03ea878d238daed38729d17f3d20c665.jpg)
![Тасманын көпчүлүк бөлүгү Вахдат районунун байыркы кыштактарынын бири Симиганчта тартылган Тасманын көпчүлүк бөлүгү Вахдат районунун байыркы кыштактарынын бири Симиганчта тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/07/1017980706_0:0:2000:1338_600x0_80_0_1_8c935a0d4c05df5b17591d69136f67e0.jpg)
![Карапачы Муфаззалдын ролун түркмөн актеру Ходжадурды Нарлиев аткарган Карапачы Муфаззалдын ролун түркмөн актеру Ходжадурды Нарлиев аткарган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/07/1017980766_0:0:2000:1556_600x0_80_0_1_61af3c9d8c29479d99675fa5f7edcb2a.jpg)
![Күң Алтынбүбүнү белгилүү Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова ойногон Күң Алтынбүбүнү белгилүү Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова ойногон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/08/1017980821_0:0:1952:1447_600x0_80_0_1_4cd61ab03a0a0351238d9b6249061493.jpg)
![Кино тартуунун ортосундагы тыныгуу учурунда. Сулуулар жана режиссер. Кино тартуунун ортосундагы тыныгуу учурунда. Сулуулар жана режиссер. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/08/1017980877_0:0:2200:1594_600x0_80_0_1_829f30b3bb6d7863ce713c6db81ca397.jpg)
![Мураскор Мани он эки жашында карапачылыкты кылдат үйрөнүп, эл сүймөнчүлүгүнө гана ээ болбостон, көрө албастарга да туш болот. Дал ошолор анын оң колун мунжу кылып коюшат. Мураскор Мани он эки жашында карапачылыкты кылдат үйрөнүп, эл сүймөнчүлүгүнө гана ээ болбостон, көрө албастарга да туш болот. Дал ошолор анын оң колун мунжу кылып коюшат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/09/1017980932_0:0:2000:1457_600x0_80_0_1_ac9ffdb7e881ba5f3dc3e5ac7a64785b.jpg)
![Хивада тасманы тартуу учурунда Хивада тасманы тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/09/1017980997_0:0:2200:1493_600x0_80_0_1_3ce5e0942a224b7d5eea25fb258ba054.jpg)
![Дубана айыктырганы менен, Мани баары бир оң колу менен эч нерсе жасай албай калат Дубана айыктырганы менен, Мани баары бир оң колу менен эч нерсе жасай албай калат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/10/1017981052_0:0:2000:1444_600x0_80_0_1_a26d05da73916e2082a9b66626d19ac5.jpg)
![Улан эмнеси болсо да жалгыз колдуу Чеберди табууну чечет Улан эмнеси болсо да жалгыз колдуу Чеберди табууну чечет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/11/1017981107_0:0:2000:1671_600x0_80_0_1_3353add9b3e12ecb713bf6ac2c4be042.jpg)
![Төлөмүш Океев тасманы тартып жатканда Төлөмүш Океев тасманы тартып жатканда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/11/1017981162_0:0:2000:1532_600x0_80_0_1_d932ca3800bcdcc4f7437f2c6ba58db2.jpg)
![Советтик прокатка кирбей калган бөлүмдүн жалгыз сүрөтү Советтик прокатка кирбей калган бөлүмдүн жалгыз сүрөтү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/12/1017981217_0:0:1667:2000_600x0_80_0_1_d767b06ff17e8e14a5681d7cebde26a2.jpg)
![Эркиндикке умтулуп жана өз мекени Ысык-Көлдүн жээгине кайтып келүүнү дегдеген Алтынбүбүнү уулу Манинин төрөлүшү да токтото албайт Эркиндикке умтулуп жана өз мекени Ысык-Көлдүн жээгине кайтып келүүнү дегдеген Алтынбүбүнү уулу Манинин төрөлүшү да токтото албайт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/12/1017981273_0:0:2000:1829_600x0_80_0_1_c8b8a97e9b5063ca0af732dedc70ac87.jpg)
![Тасма Борбордук Азиянын аты белгисиз калган сүрөтчүлөрү менен чеберлерине арналган. Алардын ким болгонун эч ким билбейт, бирок колдорунан жаралып, элдердин улукмандыгын, көөнөрбөс акылмандыгын көрсөткөн чыгармалары биздин заманга чейин сакталып калган. Тасма Борбордук Азиянын аты белгисиз калган сүрөтчүлөрү менен чеберлерине арналган. Алардын ким болгонун эч ким билбейт, бирок колдорунан жаралып, элдердин улукмандыгын, көөнөрбөс акылмандыгын көрсөткөн чыгармалары биздин заманга чейин сакталып калган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101798/13/1017981330_0:0:2000:1673_600x0_80_0_1_7f1aca495fd9b33fecdfd35b7ca3a944.jpg)