БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Эртең, 29-октябрда Кыргызстандын үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлердин биринчи съезди өтө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда, өзгөчө алыскы аймактарда үй-бүлө мүчөлөрүнө анын жаш курагына, жынысына, оорусунун түрүнө карабай алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгерлер жетишпейт.
"Бизде бир дарыгер 1500 кишинин ордуна 3500дөн 15 миңге чейин адамды көзөмөлдөйт. Аймактардагы дарыгерлер үй-жай менен камсыз болгон эмес. Айлык акысы төмөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 1996-жылы пайда болгон. Бүгүнкү күндө 65 үй-бүлөлүк медицина жана 28 жалпы практикалык борбордо 4917 дарыгер иштейт.