БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайын жетектөө милдети Айнура Шакиралиевага жүктөлгөнүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Окуу жайдын мурунку директору Муратбек Кыбраев спорт мектебинин тарбиялануучуларынын №38 мектепке кол салуусунан жана эки мектеп окуучуларынын бычакташуусунан кийин кызматтан четтетилген.
Шакиралиева 1995-жылдан 2006-жылга чейин №38 мектептин окуу-тарбиялык шитер боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген. Мындан тышкары, Бишкектеги бала бакчанын бирин, андан кийин Чүй облусундагы орто мектепти жетектеп келген. Билим берүүнүн отличниги.
Буга чейин №38 мектепке кол салууга шектелип 47 тарбиялануучу кармалган. 21-октябрь күнү соттук чечими менен кол салууну уюштурду делип камакка алынган үч тарбиялануучу Вознесеновка айылындагы тарбиялоочу-эмгек колониясына жөнөтүлсө, 18 жашка чыккан эки бала №1 түрмөгө камалган. Училищеде окуу 9-ноябрга чейин убактылуу токтотулган.
Мындан тышкары, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы таланттуу балдар үчүн спорт мектеби болуп кайра түзүлө турганы маалымдалган.