БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү Улуттук банк кайтадан интервенция жасап, валюта рыногуна 1 миллион 150 миң доллар сатты. Ал эми 17 күн ичинде башкы финансылык көзөмөл органы 15 миллион 850 миң долларды сатканы банктын сайтында маалымдалат.
Жыл башынан бери сом долларга карата 26,7 пайызга арзандаган. Быйыл Улуттук банк орточо эсеп менен чет элдик валютанын курсун турукташтыруу үчүн күнүнө 740 миң доллардан коротуп келди.
Январь айынын бери Улуттук банк 32 жолу интервенция жасап, анын ичинен 27 жолу долларды сатса, беш жолу долларды валюта рыногунан сатып алган. Ал эми ноябрь айында беш жолу интервенция жасалган.
Жыл башынан бери Улуттук банк дээрлик 309,5 миллион доллар сатса, 43 миллион 950 миң долларды сатып алган.
Интервенция жасоо үчүн өлкөнүн башкы финансылык көзөмөл оргоны эл аралык валюталык резервин колдонот. 1-ноябрга карата ал 1 миллиард 737 миллион долларды түзөт.
Бир жыл ичиндеги доллардын курсу 2014-жылдын 26-ноябрынан 2015-жылдын 26-ноябрына чейин
Бир жыл ичиндеги доллардын курсу 2014-жылдын 26-ноябрынан 2015-жылдын 26-ноябрына чейин