БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Оштун Ички иштер башкармалыгы интернетке жайгаштырылган массалык мушташтын видеосун иликтей баштаганын шаардык ИИБ билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда массалык мушташ түшүрүлгөн видео жайгаштырылган. Болжол менен ага Ош мамлекеттик жана гуманитардык педагогикалык университеттердин студенттери катышкан. Бирок мушташтын убактысы менен себеби көрсөтүлгөн эмес.
Милиция окуянын болжолдуу себептери жана демилгечилердин аты-жөндөрү такталганын белгилеп, ал эми чатактын убактысы аныктала электигин маалымдады.