БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн алардын массалык чогулуусуна күбө болгон тургундарды милицияга кабарлап коюуга чакырат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жыйында билдирди.
Бишкек ШИИБ жана Чүй ОИИБнын өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлору катышкан иш-чарада анык бир аймактагы көйгөйлөр талкууланды.
"Учурда өспүрүмдөр арасында массалык мушташтын көбөйгөнү байкалууда. Биз анын себебин аныктап, балдар тарабынан жасалган кылмыштардын жана өспүрүмдөрдү кылмышка тартуунун алдын алуу боюнча аракеттерди көрүшүбүз керек", — деди Орозалиев.
Министрдин орун басары балдарга байланышкан кылмыш иштеринин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар зарыл экенин белгилеп, тийиштүү орган, мекемеден тышкары коомдук көзөмөлдү күчөтүү керектигин кошумчалады.