00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Миңдеген мык жана 20 чакырым жип. Студенттер желек күнүнө карата туу жасашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек күнүнө карата String art ыкмасы менен жасалган Кыргызстандын туусу
Желек күнүнө карата String art ыкмасы менен жасалган Кыргызстандын туусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө ыкма менен жасалган туу 3-мартта желек күнүнө карата атайын аукциондо сатылат. Андан түшкөн каражат Токмоктогу балдар үйүн оңдоого жумшалат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти – Айгерим Жумалиева, Айжамал Шамыратова жана Заман Турсунбеков желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда.

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда
1/5
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда
Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен
2/5
Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тарых жана маданият" жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен
Тарых жана маданият жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен - Sputnik Кыргызстан
3/5
"Тарых жана маданият" жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен
© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат
Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат - Sputnik Кыргызстан
4/5
Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат
© Sputnik / Табылды КадырбековАндан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат.
5/5
Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат.
1/5
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда
2/5
Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен
3/5
"Тарых жана маданият" жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен
4/5
Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат
5/5
Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат.

Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен. "Тарых жана маданият" жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен.

"Буга чейин String art ыкмасы менен майда иштерди жасап келгенбиз. 2016-жылды президентибиз "Тарых жана маданият" жылы деп жарыялагандыктан биз да өзгөчө бир нерсе жасагыбыз келди. Ошентип желекти жасоону чечтик", — дейт Турсунбеков.

Өжөр студенттер 13,5 миң мыктан жана 20 чакырым жиптен желек жасашты
Ал желекти жөн жерден тандап алышпаганын айтат. Себеби, жаштар жана орто муун менен улуу муундагылар деле желектин тарыхын билишпейт. Аларга мамлекеттик атрибут болгон желектин тарыхын эстетип, аны дайыма илип жүрүүсү үчүн ушундай ишти башташкан. Андан сырткары административдик имараттарда түрдүү желектер илингендиктен баштапкы эскиз боюнча желек кандай болуусу керектигин башкаларга көрсөтүп, желекти да туура тандоону жеткиргилери келгенин кошумчалады.

"Биз байкап көрсөк көпчүлүк жерде, анын ичинде административдик имараттарда түрдүүчө жасалган желектер илинет экен. Ар ким өзү каалагандай жасайт экен", — дейт ал. 

Бишкекте дубалга чегилип тартылган Чокморовдун сүрөтү пайда болду
Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат. Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат. Аукционго ишкерлер жана башка кишилер чакырылган. Иш чаранын уюштуруучуларынын бири Мээрим Абдрахманова аукциондон түшкөн каражат Токмок шаарындагы балдар үйүн оңдоого жумшаларын айтат.

String art ыкмасы менен жасалган желектин баштапкы баасы миң доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0