БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Республикалык олимпиада резервдик училищесинин директорлугуна Сатыбек Чокаев дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка аталган агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров 14-апрель күнү кол койгон.
Бул кызматка чейин 42 жаштагы Чокаев Бишкектин Биринчи Май районундагы Сатымкул Жуманазаров атындагы спорт мектепте машыктыруучу болуп иштеп келген.
Эскерте кетсек, былтыркы жылдын соңунда аталган училищенин тарбиялануучулары бир нече ири жаңжалдын катышуучулары болушкан. Октябрда №38 мектептин окуучуларын ур-токмокко алып, окуу жайдын ошо кездеги жетекчиси Муратбек Кыбраев кызматынан алынган.