БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кинематография департаменти "Алымбек датка" толук метраждуу тасмасынын сценарийи үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуучулардан арыздар 30-июлга чейин кабыл алынат. Ал эми 1-августтан тартып 15ине чейин көркөм кеңеш сынактын жыйынтыгын чыгарат.
Сынактын жеңүүчүсү жазылган сценарийдин негизинде толук метраждуу тасма тартууда автордук укукка ээ болот.
Алымбек датка — XIX кылымдын орто ченинде журттун камын жеген чыгаан саясатчы. Айтылуу Курманжан датканын күйөөсү.