БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Тверь шаарындагы "Царьград" телеканалына маек курган Аскар Акаев Россиянын президенти сунуштап жаткан Евразиялык биримдик идеясынын өнүгүшү тууралуу пикирин билдирди.
Акаев менен "Чыныгы убакыт" (Реальная время) аналитикалык программасынын алып баруучусу Юрий Пронько маектешкен. Интервьюнун толук версиясы YouTube сайтына жарыяланды.
Программага эксперт катары чакырылган КРдин биринчи президенти "Евразиялык бешилик" жакын арада "Евразиялык ондук" болоруна ишенерин билдирген. Ал ошондой эле "Чоң Евразия" демилгесин колдой турганын айткан.
"Бул демилгенин келечеги кең деп ойлойм. Бүгүнкү күнү евразиялык, кытайлык, индиялык цивилизациялар кайтадан жанданып жатканын эске алсак, ал XXI кылым үчүн абдан маанилүү. Биз ШКУ чоңоюп өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Жакында эле ага Индия менен Пакистан мүчөлүккө кабыл алынды. Кезекте Иран дагы турат. Андыктан азыр "Чоң Евразия" түзүмдүк жагынан калыптанууда", — дейт Акаев.
Кыргызстандын тунгуч президенти өлкөнү 14,5 жыл башкарган. Учурда ал Москвада жашап, илим менен алектенет. 2005-жылы болгон төңкөрүштө ал өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.