Учурдагы президент Атамбаев кийинки жарышка чыкпай турганын өзү бир канча ирет билдирген эле.
Эмдиги жылы так талашта мөөрөй кимдин бактысына буюра турганын азыртан божомолдогондор арбын. Sputnik Кыргызстан агенттиги коомчулукта ажолукка ат салышат деп аты-жөнү аталгандарга суроо салып көрдү.
Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов: Кыргызстанда шайлоо жок
"Мен президенттик шайлоого катышпайм. Анткени бизде шайлоо жок. Муну бардык кыргызстандык эле билип калды", — дейт Байбалов.
![Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101396/21/1013962143_0:0:4080:2694_600x0_80_0_0_e08f951486b28c3a8ff169786f041297.jpg)
Экс-депутат Садыр Жапаров: пендебиз да, жеңиштен үмүт чоң
"Буюрса президенттик шайлоого сөзсүз катышам. Жеңишке жетем деген чоң үмүтүм бар. Баары жараткандын колунда ", — деди Жапаров.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: азырынча жооп бере албайм
"Президенттик шайлоого катышаар, катышпасым боюнча маалымат бербей эле турайынчы", — деди Өмүркулов.
![Открытие водозабора в селе Баш-Кара-Суу Открытие водозабора в селе Баш-Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101769/97/1017699707_0:0:1620:1080_600x0_80_0_0_7620ecf96d02df858cff22d2214ae533.jpg)
Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов: ыңгайсыз суроо
"Бул суроо мага ыңгайсыздык жаратууда. Мени саясатка аралаштырганыңарды токтоткулачы", — деди Кулматов.
![Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102419/28/1024192849_0:0:1600:1008_600x0_80_0_0_f2c213396d66148094dd22097284f4ba.jpg)
Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев: комментарий бербей эле коёюн
"Мен бул сурооого комментарий бербей эле коёюн", — деди Сариев.
![Лидер партии Мекен ынтымагы Темирбек Асанбеков Лидер партии Мекен ынтымагы Темирбек Асанбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102802/54/1028025415_0:0:2048:1519_600x0_80_0_0_6916bbe657a7db3c52120c855e890d0a.jpg)
"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков: убагы келгенде чечим кабыл алабыз
"Убагында саясий — экономикалык жана элдин социалдык шартына жараша чечим кабыл алабыз", — дейт Асанбеков.
![Джолдошова, Кулов и Бакир Уулу: кого не будет в новом парламенте? Джолдошова, Кулов и Бакир Уулу: кого не будет в новом парламенте? - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101900/30/1019003029_0:0:3100:2112_600x0_80_0_0_41921ea57be982bfe3931047c9bdab15.jpg)
Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу: буюрса, шайлоого катышам
"Учурдагы президент шайлоого катышпайт. Андыктан жарыш таза өтсө керек. Буюрса, мен дагы шайлоого катышам деп ниеттенип турам", — деди ал.
"Мен азырынча бир чечимге келе элекмин. Эгерде президенттик шайлоого катышсам утуп алам го…", — деди Арстан Алай. Кезегинде бул адамдын "Зима не будет" фразасы эл арасына кеңири тарап кеткен.
Адвокат: Алмазбек Абеков президенттик шайлоого катышат
"Алмазбек Абеков соттолгон жок, андыктан шайлоого катышууга толук укугу бар. Ал шайлоого талапкерлигин коет", — деди Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов.
Алмазбек Абеков "Альфа-Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасынын мурунку директорунун кеңешчиси болгон.