БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Нигердин бийлиги Азияга эшектерди экспорттоого тыюу салгандыгы тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
"Эшектин эти менен терисин экспорттоого расмий тыюу салынды", — деп айтылат маалыматта.
Нигердеги эшектер көбүнчөсү жүк ташыйт. Расмий статистикага караганда өлкөдө 1,5 миллион эшек бар. Булардын санынын кыскарышы эшекке Азия менен Кытайдагы суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу.
Эшектин баасы 40 миң франктан (61 евро) 100 миң франкка (152 евро) чейин жогорулаган. Буга байланыштуу начар жашаган тургундар жандыктарын сатып акча жасоого өткөн.
Өткөн жылдын февраль айында Кыргызстанда дагы эшектер союлуп Бишкектеги тамактануучу жайларда колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат таркаган. Мындан улам ызы-чуу чыгып, санитардык-ветеринардык кызматтар коомдук тамактануучу жайларга рейд жүргүзгөн. Бирок эшектин этин колдонгон жайларды тапкан эмес. Ал эми эшек союп саткандар жандыктын эти Гонконгдогу зоопарктарга жиберилерин билдирген.