БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Эшектин сүтү курамы боюнча эненин сүтүнө окшош келерин Италиянын ЖМКлары жазып чыгышты.
Италияда 90-жылдары айыл-чарба техникасы жакшы өнүккөндүктөн эшектердин баа-баркы кетип калган. Бирок иштин көзүн билген Жузеппе Борджинин (Giuseppe Borghi) аларды тукум курут болуудан сактап калган. Учурда анын фермасында сегиз породадагы 800 эшек бар. Анын сүтүнүн курамы эненин сүтүнө жакын болгондуктан лактозадан жабыркаган жаш балдарга берүү сунушталат. Сүт кургатылып, Италиянын аймагындагы био-дүкөндөргө жөнөтүлөт.
Montebaducco фермасында (Борджинин эшектери жайлаган аймак ушинтип аталат) сүттү саап, аны атайын кутуга салып сатыкка чыгарганга чейинки өндүрүш калыптанган. 2017-жылы сыр чыгарууну да жолго коюу каралууда.
Ал эми Кыргызстанда 2015-жылы Чүй облусундагы сарайлардын биринде эшек союлуп, аны эти шаардагы коомдук тамактануу жайларына жеткирилип жатат деген материал телеберүүгө чыгып, өлкөдө чуу жараткан. Кампаларда жүздөгөн эшектин союлган эти табылган. Санитардык-ветеринардык кызматтар коомдук тамактануу жайларын жана колбаса цехтерин тыкыр текшерип, жыйынтыгында эшектин эти тамактануу жайларына түшпөгөнүн айткан. Өз кезегинде эшек сойгон компания этти Гонконгдогу зоопаркка жиберүү үчүн даярдаганын жар салган.
Бул окуядан кийин эшек темасы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан сөздөн болуп калды. Териси сыйрылган эшектер да өлкөнүн бир катар аймактарынан табылган.