БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү менен көптөгөн мамлекеттердин өлкө башчылары куттукташты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
![Юбилейный саммит ШОС в Ташкенте Юбилейный саммит ШОС в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102697/24/1026972421_0:0:1600:1039_600x0_80_0_0_c94746db74ef6ef40a02745e27abcfb7.jpg)
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Алмазбек Атамбаевге жиберген куттуктоосунда кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүн жогору бааларын белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирген.
![Заседание Совета глав государств – участников СНГ Заседание Совета глав государств – участников СНГ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102924/44/1029244410_0:0:3936:2624_600x0_80_0_0_12bac9767b3bd7d427ccd6f479935486.jpg)
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астана менен Бишкек ортосундагы достук жана союздук мамилелер мындан ары да чыңдала беришине ишенерин айтып, Атамбаевге чың ден соолук каалаган.
![Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Президентом Таджикистана Эмомали Рахмоном Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Президентом Таджикистана Эмомали Рахмоном - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101829/18/1018291893_0:0:2200:1460_600x0_80_0_0_1c9de8a723adf0f6b116639bc7f947aa.jpg)
Тажик президенти Эмомали Рахмон дагы Атамбаевге чың ден соолук, бакубатчылык жана саясый ишмердигине ийгиликтерди каалады.
![Заседание Совета глав государств – участников СНГ Заседание Совета глав государств – участников СНГ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102924/42/1029244238_0:0:4524:3020_600x0_80_0_0_5a40bb0c1b86f2b55453b7f3d95ef480.jpg)
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өз куттуктоо телеграммасында Атамбаевди достуктун жана өз ара аракеттенүүнүн кылымдардан берки салттарын өнүктүрүүгө жана байытууга бараандуу салым кошкондугун баса белгилеген.
![Визит президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева в Ашхабад Визит президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева в Ашхабад - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102083/10/1020831001_0:0:1600:955_600x0_80_0_0_acf79c0a615ea50fdf4dd48b9581fc69.jpg)
Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өлкөлөр ортосунда эки тараптуу да, эл аралык деңгээлдеги кызматташтыгын мындан ары өнүктүрөрүнө бекем ишеничи бар экендигин айткан.
![Заседание Совета глав государств – участников СНГ Заседание Совета глав государств – участников СНГ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102924/44/1029244405_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_1f882501d4ddb137eee7c09f975eb38f.jpg)
Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев тарыхый жактан калыптанган өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да жакшы коӊшулук, өз ара урматташуу менен өнүгөөрүнө ишеним артарын айткан.
Украинанын президенти Пётр Порошенко Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, түгөнгүс күч-кубат жана жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди каалаган.
Буга чейин өз куттуктоолорун Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Барак Обама да жиберген.
Ошондой эле башка мамлекеттердин жетекчилери дагы өз куттуктоолорун жиберишүүдө.