БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШдагы "Мэтью" деп аталган бороондуу шамалдан жабыркагандардын арасында КР жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Америкадагы элчилиги Флорида штатында жашаган кыргызстандыктар менен байланышкан.
"Кыргызстандык жарандар негизги кооптуулук өтүп кеткенин, учурда алар эвакуация чакырыгына карабастан үйлөрүндө отурушканын айтышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Расмий бийлик жарандарды этият болууга чакырып, башка аймактарга кетүүнү сунуштап жатат.
Ушу тапта "Мэтью" Түштүк Флоридадан өтүп, бир аз басаңдаган ылдамдыгы менен Флориданын түндүк тарабына жана Жоржия штатынын түштүк бөлүгүнө багыт алган. Учурда баш калкалоочу жайлар Жоржия, Түштүк жана Түндүк Каролина штаттарында ачылды.