БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө биринчи жолу Санарипке өткөрүү борборун ачууда. Ал жакта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөрүн аталган кызматтан маалымдашты.
Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашев жарандыгы жана документи жокторду азайтуу боюнча долбоордун жыйынтыгы тууралуу билдирип, БУУнун качкындар боюнча агенттигинин жасаган иши боюнча маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле каттоо кызматынын адистеринин тапшырыгы менен жасалган фото-сканердин прототибин көрсөттү.
"Мындай фото-сканерден миңди алууну пландап жатабыз. Мындай жабдуунун баасы 10 доллардан ашпайт. Санарипке өткөрүү борбору кийинки жылдын биринчи жарымынан тарта ишке кирет. Бул борбордогу кызматкерлердин 30 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болот", — деди Сарпашев.
Санарипке өткөрүү борборунун негизги максаты миллиондогон кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү болуп саналат. Бул иштердин жыйынтыгы менен мамлекеттик кызматтарды электрондук режимде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Сарпашев андан сырткары, келечекте бул борбор түрдүү мекемелерге, уюмдарга жана фонддорго мамлекеттик кызматтын бардык түрүн сапаттуу жана ыкчам көрсөтө аларын кошумчалады.