БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын шайлоодо жеңишке жеткен президенти Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсү орус-америка кызматташтыштыгынын "жаңы эрасына" кадам таштап, Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин үшүн алды деп жазга Daily Express басылмасынын макаласына шилтеме берүү менен РИА Новости билдирди.
Мындай алака Европаны да тынчсыздандырбай койбойт, себеби Россия менен АКШнын жаңы мамилеси Европаны артка жылдырып, Россияга каршы буга чейин жасалып келген аракети текке кетиши мүмкүндүгүн материалдын авторлору баса белгилешет.
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Трамптын АКШнын президенти болуп шайланышы "глобалдык коопсуздукка шек келтирет" деп билдирген. Мындан тышкары, авторлор Евробиримдик Трамп президенттикке расмий киришкенден кийин Крым боюнча көз карашын өзгөртсө, Брюссель менен Вашингтондун ортосунда пикир келишпестиктер чыгышы ыктымалдыгына токтолушкан.