00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
УКМК Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен ("Унаа") коррупциялык схема аныктап, ага катышы барлардын баары кармалганын кабарлады.Билдирмеге караганда, жарандар айдоочулук күбөлүк алуу үчүн ортомчуларга кайрылып, ортомчулар мамлекеттик мекеменин кызматкерлери менен экзаменден ийгиликтүү өткөрүүгө сүйлөшүп, аларга акча берип турушкан. Видеодо ортомчу курсантка экзамен алчу киши туура жоопторун өзү акырын айтып турарын эскертип жатат. Атайын кызмат мындай коррупциялык схемадан мекеменин бир эле филиалынан ай сайын мыйзамсыз 10 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турганын кабарлады. Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, анын негизинде бул ишке катыштыгы бар дегендин баары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
"Акылман" президенттик лицейинин жана "Эл үмүтү" стипендиясынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурстан тышкары киргизилет. Тиешелүү мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. Ага ылайык, "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана "Эл үмүтү" стипендиясынын алкагында чет өлкөдөн билим алгандар мамлекеттик жана муниципалдык кадрлар резервине конкурстан тышкары киргизилет. Ал эми ишке кабыл алууда аларга артыкчылыктар каралууга тийиш. Мындан тышкары, бул бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик гранттардын эсебинен билим алуу укугу берилет. Чыгымдар толугу менен республикалык бюджеттен төлөнөт.
"Росатом" Баткен облусуна шамал электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди. Анын айтымында, станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт. "Бул Ысык-Көл облусундагы долбоордун документ иштерин аяктагандан кийин баштай турган №2 долбоор болот. Баткен облусу алыста жайгашкандыктан Кыргызстандын приоритеттүү аймагы. Ал жакта шамал да катуу", — деген Константинов. Эске салсак, 12-сентябрда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында кубаттуулугу 100 мегаваттка жеткен Кыргызстандын аймагындагы алгачкы шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоордун жалпы суммасы 110 миллион долларды түзөт. Курулушка бир жылдай убакыт кетери айтылган.
Кыргызстан менен Таиланддын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, документке Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Таиланддын тышкы иштер министри Марит Сангиампхонг кол койду. Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп, анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Жээнбек Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Таиланддын жана башка аймактардын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Бул багытта жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу сунушталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0