БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Японияда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болуп, андан төрт саат өткөндөн кийин жээктерде бийиктиги 1,4 метрге чукулдаган толкундар жаралган. Ал эми Япониянын жаралуу жери Фукусима АЭСинде бир метрге жеткен. Бул туурасында РИА Новости NHK телеканалына шилтеме кылып билдирди.
Телеканалдын берген маалыматына караганда Тынч океандын жээктеринде жүргөндөргө кылдат болуу боюнча эскертүүлөр берилип, адистер толкун үч метрге жетиши мүмкүн деген маалыматты айткан.
Жашоочулардан келтирилген зыяндар туурасында маалыматтар түшкөн эмес. Жердин силкинүүсү таңга маал Токио шаарында да байкалган.
Жаратылыш кырсыгынан улам бир катар суу деңгээлинен көтөрүлгөн префектуралардын жашоочулары эвакуация боюнча эскертүү алган.
NHK телеканалы смартфонго тартылып алынган сейсмикалык толкундун сууну каптап, түрүлүп келе жаткан видеосун көрсөттү.