БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эртең, 7-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгүн Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Нарын облусунан башка аймактарда абанын температурасы нөлдөн жогору болот. Чүй, Талас өрөөнүндө 10 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 8 градус нөлдөн жогору болсо, Нарында 5 градус суук болот.