ОШ, 13-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы сойкукананын администратору үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБ аймактык кабарчыга маалымдады.
Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан операция өткөрүлүп, анда калаадагы "Евразия" саунасынын администратору аталган жерде интимдик кызмат көрсөтүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы аныкталган.
Аталган саунанын администратору болгон 30 жаштагы аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, абакта кармоо чарасынын ордуна үй камагына чыгаруу боюнча чечим чыкты.
Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүп жатат.