БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Чыгыш Алеппону таштап чыккан 382 согушкер үй-бүлөсү менен провинциянын түштүк-батышын карай багыт алды. Бул туурасында РИА Новости кошуундагы маалымат булагына таянып кабарлады.
"Чыгыш Алепподон 382 согушкер үй-бүлөсү чыгып кетти. Алардын ичинен эки жарадар жана дагы үч адам шаарда кала турганын айтып, автобустан түшүп калды", — деп билдирди булак.
Эки күн ичинде шаардан 9,5 миң кишини чыгарылган. Анткен менен калган террорчулар Алеппонунун акыркы кварталдарын таштап чыгып кеткенден баш тартты.
Сириялык армиянын атайын операциялары башталгандан тарта кварталдарды басып алган согушкерлер сирия бийлигинин аскер жетекчилиги менен байланышып, артка чегинүүгө даяр экендиктерин айткан. Бирок бул үчүн алар коопсуз кордиор сураган.