БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эркектер менен аялдардын 2016-жылдын 1-январга карата саны 6 миллион 20 миңди түзсө, алардын ичинен аял калкы эркектерге караганда 58 000ге көптүк кылат. Бул туурасында Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Кыргызстанда 3 миллион 39 миң аял, 2 миллион 981 миң эркек бар.
"Республика боюнча бөлө келгенде бирдей эмес. Шаар жергесинде аялдар көптүк кылып, 52,5 пайызды түзсө, элетте эркек балдар арбын төрөлүп, көрсөткүч тең жарымынан көп", — деп айтылат аталган ведомствонун сайтындагы маалыматта.
Кыргызстанда 1000 аялга 981 эркек туура келет деп билдирди Статистика комитети.