00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, былтыркы жыл президент тарабынан Тарых жана маданият жылы деп жарыяланып, анын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөн.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта 2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылы жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастаганы белгиленет.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых жана маданият жылы: даңкы жана даңазасы
"Учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкалыштырган ар тараптан жетик инсанды калыптандыруунун мааниси өстү. Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана, албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Ошондуктан, азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат", — деп айтылат Жарлыкта.

Президент өкмөткө Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүүнү, аталган жылды өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды.

Ал эми Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президент аппаратынын жетекчисине жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0