БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдары менен мамлекеттик кызматтарда иштегендердин 40 пайыздан ашыгы аялдар, ал эми 60 пайызга чукулу эркектер. Бул туурасында Статкомдун 2016-жылдын 1-январына карата берген маалыматында айтылат.
Президенттин аппаратында иштеген аялдардын саны 23 пайызга араң чукулдаса, эркек жолдоштор 77,1 пайыз. Өкмөттүн аппаратында кыз-келиндер менен эркектер 27,4 жана 72,6 пайыз болгон.
Ал эми аялдардын көрсөткүчү абдан аз болгон үч ведомство бар экен. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта 4 пайызы аялдар, 96 пайызы эркектер. Баңги заттарына көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик кызматта 8,2 пайызы кыз-келиндер, 91,8 пайызы эркектер. Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонд 6,9 аялдар, 93,1 пайызы эркектер экендигин Статком билдирди.