БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары кооптуу абалда. Былтыр түшкөн 40 миллион куб метр жер көчкү кайрадан жанданып, айылга 50 метрге жакындады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ӨКМ башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов аймактык кабарчыга билдирди.
![Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары кооптуу абалда Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары кооптуу абалда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103118/90/1031189068_0:56:1280:861_600x0_80_0_0_741f6438266fe8967add92a866f90a7e.jpg)
![Былтыр түшкөн 40 миллион куб метр жер көчкү кайрадан жанданып, айылга 50 метрге жакындады Былтыр түшкөн 40 миллион куб метр жер көчкү кайрадан жанданып, айылга 50 метрге жакындады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103118/91/1031189122_0:91:1280:896_600x0_80_0_0_b07795c551cc260497ed0b7c3088f344.jpg)
![Акырындык менен жыла баштаган жер көчкү жергиликтүү тургун Абдирашид Бышаковдун үйүнө 10 метрге жакындап калган. Акырындык менен жыла баштаган жер көчкү жергиликтүү тургун Абдирашид Бышаковдун үйүнө 10 метрге жакындап калган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103118/91/1031189176_0:13:1279:818_600x0_80_0_0_f914efeb3382c3064b3ff9a3768f4788.jpg)
Анын айтымында, бул жердеги кооптуу жагдай 1990-жылы эле түзүлгөн.
"Жергиликтүү жашоочуларга жыл сайын эскертүүлөр берилип келет. 1990-жылдан бери 24 үй-бүлө кооптуу жерде жашайт деп табылган. Андан бери 8 гана үй-бүлө коопсуз жайга көчкөн. Эми адистер жер титирөөлөр менен тынымсыз жаап жаткан жамгыр көчкүнү кайра жандантып жатканын айтып жатышат", — деди Бекилов.
Акырындык менен жыла баштаган жер көчкү жергиликтүү тургун Абдирашид Бышаковдун үйүнө 10 метрге жакындап калган.
"Эми үйдү бузуп көчкөнү жатам. Башкаларга дагы көчкүлө деп кеңеш берет элем. Тилсиз жоо айттырбай келет. Бирок айрымдардын башка жакта үйлөрү болбогондуктан көчпөй жатышат", — деди Бышаков.
Анын айтымында, тургундар жер маселесин чечип берүү талабын коюп жатышат.