00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Сырттан келген түз инвестициянын төрттөн бири ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келетОштун борбордук стадионунда 75,7 млн. сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөтЧаткалдагы кенден 1100 тоннадан ашык алтын руда мыйзамсыз чыгарылганы аныкталды алдыда кеннеирээкЧаткалдагы Сарай-Сай кенинен 1 100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташыгандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, ал рудаларды жалган документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатуу максаты көздөлгөн. "Кылмыш иши козголуп, 25-июнда М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. аттуу жарандар кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алган. 27-июнда Биринчи май райондук соту шектүүлөрдүн экөөсүн УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган", — деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул ишке тиешеси барларды тактап жатканын кошумчалады.
Быйылкы жылдын I кварталында 200,3 миллион доллардан ашык сырттан түз инвестиция келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ага ылайык, жалпы тартылган инвестициянын 26,5 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет. Үчтүккө кирген ири инвесторлор: Кытай — 52 миллион 868,4 миң доллар (26,4 пайыз); Россия — 39 миллион 932,6 миң (19,9 пайыз); Түркия — 26 миллион 980,6 миң (13,5 пайыз). ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн каражат: Россия — 39 миллион 932,6 миң доллар (19,9 пайыз); Казакстан — 12 миллион 676,5 миң (6,3 пайыз); Беларусь — 310,9 миң (0,2 пайыз); Армения — 76,4 миң.
Июль айынын биринчи жумасында Андрей Стениндин элесине арналган эл аралык фотоконкурстун веб-сайтынын орус жана англис версияларында онлайн добуш берүү башталды. Интернет-колдонуучулар эл аралык калыстар тобунун чечими менен кыска тизмеге кирген сүрөт же сериянын эң жакшысын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жеңүүчү ага берилген эң көп добуш менен аныкталат. Добуш берүү үчүн сынактын сайтынан сүйүктүү сүрөтүңүздү же сүрөттөрдүн сериясын тандап, алардын жанындагы баскычты басышыңыз керек. Соцтармактарда жеке профилиңиздин болушу талап кылынбайт. Добуш берүү 31-июль саат 23:59га (Москва убактысы боюнча) чейин жүргүзүлөт. Жеңүүчү августтун башында аныкталып, интернетте популярдуу болгон сүрөттүн автору дипломго ээ болот.Кыска тизмедеги талапкерлердин байгелүү орундары, ошондой эле гран-при жеңүүчүлөрү уюштуруу комитети тарабынан сентябрь айында веб-сайттын орус жана англис версияларында жарыяланат. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө дүйнө боюнча роуд-шоу уюштуруу пландалууда.
Ошто Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 75,7 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Тиешелүү тендерди Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырды. Андагы маалыматка караганда, стадионго ФИФАнын талабына ылайык гибриддик көк майсан жана чуркоо аянтчасына резина төшөлөт. Коротула турган каражаттын суммасы 75 миллион 786 миң 742 сом. Арыздар 12-июлга чейин кабыл алынат. Ал эми ишти аткаруу мөөнөтү катары 65 жумушчу күн көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек, аталган стадион былтыр 20 миллион сомдон ашык каражатка реконструкцияланган. Бул аренада адатта Оштун "Алай" клубу оюндарды өткөрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0