ЖККУнун "Кант" авиабазасынын командачылыгы Кыргызстандын аскерлерин жана ардагерлерди Су-25СМ учагын асманга учуруп Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.
Аталган учак Афганистандагы согуштан тарта бир нече согуштарга катышкан. Су-25СМ учагы жердеги бутаны таамай атып жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул учак учурда Россиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында турат. Ал үч миң метр бийиктикте саатына 950 чакырым ылдамдык менен уча алат.