00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Борьба с покупкой прав, месяц в пробках и предстоящий отопительный сезон
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Билимдүү аялдарга жеке мамиле куруу кыйынбы?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Искусство воплощения: что важно для актёра?
18:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Эртеңден тарта автоунааларды тескеген рейд күчөтүлөтВашингтондо НАТОго каршы митинг өтүүдөУлуттун саламаттыгы — башкы баалуулук. Садыр Жапаров медиктерди куттуктадыПрезидент Садыр Жапаров саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун анын маалымат кызматы таратты. Анда ак халат кийип адамдардын ден соолугуна кам көрүү өзгөчө кесип экени, улуттун саламаттыгы өлкөнүн башкы баалуулугу болуп саналары айтылган. "Ошондон улам мамлекет медицинаны өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары инвестиция тартуу менен саламаттык сактоо тармагын модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жабдуунун жана эл-журтубузга сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет",— деп айтылат маалыматта.Жапаров медиктерге ден соолук, иштерине ийгилик каалап, саламаттык сактоо тармагын бирге алдыга жылдырууга чакырган.
Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы катышты. Бейформал саммит Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өттү. Кол коюлган документтердин тизмеси: Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Карабах декларациясы; Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын штаттык санын жана бюджетин көбөйтүү тууралуу чечим; Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташуу жана эл аралык автомобиль ташуу чөйрөсүндө электрондук уруксатты пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
8-июлдан тарта Бишкекте тыюу салынган жерге токтотулган автоунааларды жүктөп кетүү рейди күчөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Муниципалитет азыр деле рейд жүрүп жатканын айтып, бирок дүйшөмбүдөн тарта атайын техникалар күнү-түнү иштей турганын эскертти. Май айынан бери 3500дөн ашуун автоунаа эвакуацияланган. Учурда автоунааларды жүктөп кетүү үчүн 30дан ашык атайын техника иштеп жатканы кошумчаланды. Мэрия айдоочулардан тыюу салынган жерлерге автоунаа токтотпоону суранды.
"Азия балдары" оюндарында кыргызстандык боксчу Мухаммедкадыр Абдуманабов менен Ахмади Арваз алтын медаль жеңди. Мелдеш Якутск шаарында өткөн. Мухаммедкадыр Абдуманабов 63 килограмм салмактагылар арасында рингге чыккан. Ал эми 66 килограммга чейинки салмакта чыккан Ахмади Арваз финалдык беттеште россиялык Егор Губин менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңүүчү аталган. Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курамасында жалпы 12 мушкер барган. Команданы башкы машыктыруучу Айбек Байсаяков жетектейт.
НАТОнун саммитин утурлай Вашингтондо нааразылык акциясы өтүп жатат, ага катышкандар альянсты жоюп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы АКШнын аскердик базаларын жабууга чакырышууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, НАТОнун саммити 9-11-июлда Вашингтондо өтөт. Митингчилердин плакаттарында "НАТОго каршы тургула! Укук жана боштондук үчүн элдик күрөштү колдогула", "АКШнын империализмин токтоткула" жана "НАТО колдогон согуш токтотулсун! АКШнын базалары жабылсын! Африкадан, Азиядан жана Латын Америкасынан америкалык аскерлер чыгарылсын!" деген ураандар жазылган. Жыйынга бир катар штаттардын жарандык активисттери катышууда, митингчилер Израилге курал-жарак берүүнү токтотууга да чакырып жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0