БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik. Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн бир улан кулап түшкөндүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү WhatsApp аркылуулуу кабарлады.
![Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103234/20/1032342073_135:0:1280:719_600x0_80_0_0_47abec9dac1192c26f3959f514a175b4.jpg)
![Болжол менен 20-25 курактагы жигит өзүн-өзү асууга аракет кылганда, жиби үзүлүп кетип, унаа жолго кулап түшкөн. Ошол маалда аталган жолдон өтүп бара жаткан Кайгуул милициясынын экипажы токтоп Тез жардам чакырган. Болжол менен 20-25 курактагы жигит өзүн-өзү асууга аракет кылганда, жиби үзүлүп кетип, унаа жолго кулап түшкөн. Ошол маалда аталган жолдон өтүп бара жаткан Кайгуул милициясынын экипажы токтоп Тез жардам чакырган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103234/21/1032342126_45:0:1190:720_600x0_80_0_0_a53a7a6a84b1910f26dd80fbaa6d5c2c.jpg)
Анын айтымында окуя бүгүн 19-мартта саат 13.20да болгон.
"Болжол менен 20-25 жаш курактагы жигит өзүн-өзү асууга аракет кылганда, жиби үзүлүп кетип, унаа жолго кулап түшкөн. Ошол маалда аталган жолдон өтүп бара жаткан Кайгуул милициясынын кызматкерлери токтоп, жолду тосуп, Тез жардам чакырган. Жабырланган жаран эс-учун жоготкен эмес", — деди күбө.
Ал эми Бишкек ШИИБи бул туурасында маалымат түшө электигин айтты.
Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.