БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. АКШда 69 жыл бирге жашаган жубайлар Ваткиндер бир саатка жетпеген аралыкта кол кармашкан бойдон биринин артынан экинчиси көз жумган. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме кылып жазган.
Тереза Ваткин жекшембиде түнкү 12ден 10 мүнөт өткөндө дүйнө салса, ал эми абышкасы Исаак Ваткин андан 40 мүнөт кечирээк кеткен. Жубайлардын кызы Клера Гесклин атасы дем албай калганда туугандар абышка-кемпирдин колдорун кармаштырган тейде жаткырышканын айтып берген.
Ал эми уулу Лео Ваткин атасы жубайын ушунчалык жакшы көргөндүктөн, өз алдынча эч нерсе жасабай, дайыма аны менен кеңешип, оюн бөлүшүп тургандыгын эскерген.
Ата-энесин акыркы жайга узатып жатканда кызынын алар бири-бирин ушунчалык жакшы көргөндүктөн бири-бирисиз жашай албайт болчу дегенин агенттик өзгөчө белгилеп жазган.