БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкек — Кара-Балта жолунда жүргүнчү ташыган бус менен ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
![Бишкек — Кара-Балта жолунда жүргүнчү ташыган бус менен ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышкан Бишкек — Кара-Балта жолунда жүргүнчү ташыган бус менен ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103347/97/1033479749_0:0:856:539_600x0_80_0_0_97f54e8b5806cd43e0306235f4766cbe.jpg)
![Жол кырсыгы Садовое айылында саат 13:30дар чамасында болгон Жол кырсыгы Садовое айылында саат 13:30дар чамасында болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103347/97/1033479743_103:0:960:539_600x0_80_0_0_1d3933bf7dcf72478061437e877adb7c.jpg)
![Бустун айдоочусу ооруканага жөнөтүлгөн, бирок, бир нече убакыттан кийин ал кырсык болгон жерге келген. Экинчи айдоочу жаракат алган эмес. Бустун айдоочусу ооруканага жөнөтүлгөн, бирок, бир нече убакыттан кийин ал кырсык болгон жерге келген. Экинчи айдоочу жаракат алган эмес. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103347/97/1033479737_62:0:919:539_600x0_80_0_0_f95ac937cd89a0f5038dbcd6a3f9c861.jpg)
Анын айтымында, жол кырсыгы Садовое айылында саат 13:30дар чамасында болгон.
Чүй ОИИББдин маалымат кызматы жол кырсыгы болгонун тастыктады.
"Жүк ташуучу автоунаа батыш тарапты көздөй бараткан. Ал солго бурулайын деп жатканда артынан бус келип какты. Бактыга жараша, бустун айдоочусуна эс алуу күн болгондуктан автоунаанын ичинде жүргүнчү болгон эмес", — деп маалымат кызматы билдирди.
Бустун айдоочусу ооруканага жөнөтүлгөн, бирок, бир нече убакыттан кийин ал кырсык болгон жерге келген. Экинчи айдоочу жаракат алган эмес.
Кырсык болгон жерде Кайгуул милициясы иштеп жатат.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз.