Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын беш айынын аралыгында өлкө аймагында жол кырсыгынан 245 адам каза болгон, анын 19у — балдар. Июнь айында эле жол кырсыгынан тогуз киши набыт болду.
Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу киши өлүмүнүн кыскарганын көрүүгө болот. 2016-жылдын беш айында жол кырсыгынан 330 адам көз жумса, анын 51и балдар экени аныкталган.
![Дорожный знак Внимание на автомобильной дороге Дорожный знак Внимание на автомобильной дороге - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103351/73/1033517350_0:185:4256:2579_600x0_80_0_0_43f47ca5e107de05a564b8664c4290c9.jpg)
Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал