БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги мугалим педофилияга шектелип жатканын Данияр Абдыбеков аттуу колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
"Сабак учурунда ал 8-класстын окуучу кызын кармалаган. Ал ыйлап апасына чалып, Биринчи Май РИИБине арыз жазышкан. Башка окуучу кыздардан дагы аталган мугалимге карата арыздар түшкөн. Мугалимдер болсо окутуучуга болушуп жатат", — деп жазат Абдыбеков.
"Ал мугалим кызын кармалаганын айтып жатат. Биз аны каттоого алып, тергөө жүргүзүп жатабыз", — деп инспекциядан маалымдашты.
Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрманова окутуучуга карата түшкөн айыптоолор күтүүсүз болгонун Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
"Кечээ эртең менен шектүү ошол кыз окуган класска сабак өткөн. Ал баасын коюп чыгып кеткен. Кийин саат 15.30дар чамасында окуучу кыздын апасы тергөөчү менен келди. Биз абдан таң калып жатабыз", — деди Мейрманова.
Ал ошондой эле билим берүү мекемесинин администрациясы шектүү мугалимди билимдүү жана тажрыйбалуу адам катары сыпаттаганын кошумчалады.