Sputnik Кыргызстан агенттиги 9-июнь Эл аралык достор күнүнө катара чыныгы достук болбойт делген саясат жаатындагы адамдарга суроо узатты.
Саясатчылардын кимиси ким менен дос экенин төмөндө көрүңүз.
Сариев менен Конушбаев бала кезден бери дос
"Ак-Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен депутат Тыныч Конушбаев бала кезинен бери достук мамиледе десек болот. Экөө Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Крупская атындагы спорттук интернаттан билим алуу учурунда таанышкан. Ишкерликте бир топ ийгиликтерди жараткан Конушбаев учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Достордун үй-бүлөлүк дагы катышы бар.
Шаршенбек Абдыкеримовдун сүрөөсү менен саясатка келген Алмаз Батырбеков
Парламенттин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмаз Батырбеков менен "Аю Холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун достугу мектеп партасынан башталган. Экөө кийин жогорку окуу жайда дагы чогуу окуган. Батырбековдун айтымында, экөөнүн достугуна аралык дагы тоскоол боло алган эмес.
"Кийин Шаршенбек Казакстанга иштегени кетти. Бирок ошол убакта дагы байланышып, мамилебиз үзүлгөн жок. Чынын айтсам мени саясатка алып келген дагы Шаршенбек болду. Анткени мен саясаттан алыс болууну каалачумун. Бирок Шаршенбек элдин турмушун оңдоого салым кошолу деп мени бул жакка сүрөдү", — деди Батырбеков.
Ошондой эле ал партиялашы, депутат Канат Исаев менен дагы салык кызматында чогуу иштегенден бери жакын мамиледе болуп келе жатканын кошумчалады.
![Ак-Шумкар партиясынын лидери Темир Сариев менен депутат Тыныч Конушбаев бала кезинен бери достук мамиледе десек болот. Ак-Шумкар партиясынын лидери Темир Сариев менен депутат Тыныч Конушбаев бала кезинен бери достук мамиледе десек болот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102275/28/1022752858_0:0:1599:1004_600x0_80_0_0_0cd9bb2b23827db112f3fd9ddbec44e9.jpg)
![Экөө Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Крупская атындагы спорттук интернаттан билим алуу учурунда таанышкан. Экөө Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Крупская атындагы спорттук интернаттан билим алуу учурунда таанышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102068/93/1020689349_0:0:3821:2403_600x0_80_0_0_6ca42f512baf9d3ff7f83b46a20b5818.jpg)
![Парламенттин Кыргызстан фракциясынын лидери Алмаз Батырбеков менен Аю Холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун достугу мектеп партасынан башталган. Парламенттин Кыргызстан фракциясынын лидери Алмаз Батырбеков менен Аю Холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун достугу мектеп партасынан башталган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102485/12/1024851286_0:235:6016:4016_600x0_80_0_0_170adce286cf637c6ca93b23a77d13a9.jpg)
![Экөө кийин жогорку окуу жайда дагы чогуу окуган. Батырбековдун айтымында, экөөнүн достугуна аралык дагы тоскоол боло алган эмес. Экөө кийин жогорку окуу жайда дагы чогуу окуган. Батырбековдун айтымында, экөөнүн достугуна аралык дагы тоскоол боло алган эмес. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102838/58/1028385852_0:7:1041:661_600x0_80_0_0_ffecad4fd0733e55d2ef9fd484c564c4.jpg)
![Ошондой эле ал партиялашы, депутат Канат Исаев менен дагы салык кызматында чогуу иштегенден бери жакын мамиледе болуп келе жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал партиялашы, депутат Канат Исаев менен дагы салык кызматында чогуу иштегенден бери жакын мамиледе болуп келе жатканын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102652/86/1026528651_0:93:5069:3280_600x0_80_0_0_30c25a88d38d4897f3ea25a839b13490.jpg)
![Депутат Улукбек Ормонов өзүнүн достукка өтө кылдат мамиле кыларын айтат. Депутат Улукбек Ормонов өзүнүн достукка өтө кылдат мамиле кыларын айтат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103080/44/1030804487_347:0:2500:1352_600x0_80_0_0_bbb00ddf2b719c65892471f6aacf0ce6.jpg)
![Ата Мекен фракциясынан ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бир топ кесиптештери менен мамилеси жакшы. Ата Мекен фракциясынан ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бир топ кесиптештери менен мамилеси жакшы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103344/90/1033449089_0:0:6016:3780_600x0_80_0_0_218806528fe2f2190c98e721c07ae763.jpg)
![Антсе дагы саясатчылардын арасынан Руслан Казакбаев, Антсе дагы саясатчылардын арасынан Руслан Казакбаев, - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102061/11/1020611140_0:0:3808:2393_600x0_80_0_0_d83de44a5810f252c451cd25d9710f62.jpg)
![Тазабек Икрамов, Тазабек Икрамов, - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102057/43/1020574373_1:0:3628:2418_600x0_80_0_0_ca507e2ae90428431c5ea3370c6560ba.jpg)
![Садык Шер-Нияз, Садык Шер-Нияз, - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102468/27/1024682798_0:0:6017:4011_600x0_80_0_0_d5e288a4192a0b0f6668e3c2f15a60c0.jpg)
![Саясатта чыныгы дос табуу кыйын, көпчүлүк учурда кызыкчылыктар биринчи орунда турат деген депутат Дастан Бекешевдин көпчүлүк достору саясаттан алыс адамдар. Саясатта чыныгы дос табуу кыйын, көпчүлүк учурда кызыкчылыктар биринчи орунда турат деген депутат Дастан Бекешевдин көпчүлүк достору саясаттан алыс адамдар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101986/07/1019860726_0:79:3600:2342_600x0_80_0_0_25a022292924885dc03ae3f36a62f38c.jpg)
![Деген менен кесиптештеринин арасынан Марат Аманкулов менен ынак экени белгилүү болду Деген менен кесиптештеринин арасынан Марат Аманкулов менен ынак экени белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102468/25/1024682518_0:0:3936:2474_600x0_80_0_0_f1a6adb04a890102feda870bc0169315.jpg)
Улукбек Ормонов достукка бекем
Депутат Улукбек Ормонов өзүнүн достукка өтө кылдат мамиле кыларын айтат. Анын пикиринде чыныгы достук мектепте, жогорку окуу жайда окуп жүргөндө калыптанат.
"Агезде бийлигиң да, байлыгың да жок. Адамдар бири-биринин жан-дүйнөсүнө тартылып достошот. Бирок бул андан кийин дос күтүүгө болбойт дегенди түшүндүрбөйт. Башкалардын саясатта достук жок дегенине карабай, мен саясатчылардын арасындагы чыныгы мамилеге ишенем", — деди Ормонов.
Өзүнүн айтымында, ал саясатчылардын арасынан Акматбек Келдибеков, Мавлян Амракулов, Айтибай Тагаев менен достук мамиледе.
Шыкмаматовдун саясатчы достору
"Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бир топ кесиптештери менен мамилеси жакшы. Антсе дагы саясатчылардын арасынан Руслан Казакбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Курманкул Жунушов, Тазабек Икрамов, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев менен өзгөчө жакын.
"Булардын көпчүлүгү менен саясатка келе электе эле дос болчубуз. Мамилебизге 10-15 жыл болуп калды", — деди Шыкмаматов.
Бардыгы менен үй-бүлөлүк катышта.
Дастан Бекешевдин саясаттагы досу — Марат Аманкулов
"Саясатта чыныгы дос табуу кыйын, көпчүлүк учурда кызыкчылыктар биринчи орунда турат" деген депутат Дастан Бекешевдин көпчүлүк достору саясаттан алыс адамдар. Деген менен кесиптештеринин арасынан Марат Аманкулов жана экс-депутат Ширин Айтматова менен ынак экени белгилүү болду. Өзүнүн айтымында, бул адамдар менен сүйлөшкөндө чери жазылып, көпчүлүккө айта бербеген сырын бөлүшөт.
Адиль Турдукуловдун пикирлештери
Жаш саясатчы Адиль Турдукуловдун чыныгы достору дагы саясатта биз көрүп-билип жүргөн санаалаштары. Адиль мырза саясатта эле эмес, жай турмушта дагы коомдук активисттер Мавлян Аскарбеков, Дайырбек Орунбеков, Тимур Саралаев жана Айбек Бусурманкулов менен жакын мамиледе.