БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 28-33 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 33 градус, ал эми Ысык-Көл менен Нарында 23-28 градус ысык болот.
Ал эми Ош, Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 33 градуска чейин ысыйт.