БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө кант кызылчасын ташыган автоунаалар "Кайыңды-Кант" заводуна ушул жол аркылуу өтөрү, анын начардыгынан улам дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылат. Өкмөт башчы мындай жагдай калаанын ички жолдорунун бузулушуна алып келерин белгилеп, ремонтту алдыдагы 10 күндүн ичнде баштоону милдеттендирди.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун берген маалыматы боюнча жол тилкесинин үч чакырымы оңдоону талап кылат. Ошондой эле сууну бургулоо системасын орнотуу жана көпүрө куруу пландалууда. Анын айтымында, аталган жол менен Чүй облусунун ички жолдорун асфальттоо иштери жүрүп, ал 15-августка чейин аягына чыгат.
Калиловдун айтымында, бүгүнкү күндө жарыяланган тендердин жыйынтыгында жалданма компания аныкталды, эми жакынкы күндөрү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталат. Бул максатка республикалык бюджеттен 14 миллион сом каралган.
Мындан тышкары, Жайыл районунда жалпысынан үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин эсебинен беш чакырым жолду асфальттоо пландаштырылган. Аталган иштердин жалпы баасы 22 млн сомду түзөт.