БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкектик пенсионер Фирдауса Зернованын батиринен алып чыгарылган 14 ит өлтүрүлүп, таштандыга ыргытылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашев билдирди.
Сарпашевдин айтымында, "Тазалыктын" кызматкерлери иттерди өлтүрүүгө аргасыз болушкан. Себеби аларды баккан муниципалдык мекемелер жок. Ал эми менчик мекемелер кабыл албайт.
"Бардык иттер таштандыга ыргытылды. Биздин иш ушундай. Иттердин канчоосу өлтүрүлгөнүн так билбейм. Мындан башка арга жок болчу. Себеби таштандыга тирүү итти таштай албайсың. Аларды унаага салып кетүү да мүмкүн эмес. Ал эми атайын ылайыкталган машиналар бизде жок", — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин 5news.kg маалымат агенттиги иттердин бардыгын кемпир өзү өлтүргөнүн жазып чыккан.
Ал эми Kaktus.media агенттиги "Тазалык" мекемесинин кызматкерлери төрт итти өлтүрүп, калганы атайын жайларга жайгаштырыларын жазган.