Шаршемби, 2017-жылдын 2-августу. Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үй. Сегизинчи кабат.
— Эшикти ачыңыз, сот аткаруучулар. Батириңизден иттерди чыгарышыбыз керек.
— Ачпайм! Иттеримди да силерге бербейм, аларды сатпайм!
Милиция жана сот аткаруучулар эшикти ачууга көп күч жумшады. Себеби, жылуу сөзгө кемпир дегеле көнбөдү, акыры каалганын кулпусун бузуп кирүүгө өтүштү. Соңунда кемпир "чакырылбаган конокторду" үйүнө киргизүүгө аргасыз болду. Каалга ачылганда эле саңырсыган жыт мурунду жарып, тургандардын көбү баш багууга даабады. Ошончо киши алдына кемпирдин ич кийимчен чыгышы да алардын кыжырына тийди. Жылаңайлак улгайган аял бир нече ирет иттери "булгаган" полдо тайгаланып жатты.
"Ушундай эле жыт менин батиримде да бар. Иттердин заарасы дубалдардан агат", — дейт алдыңкы кабаттагы мырза. Ал өз үйүнөн көчүп, башка батир ижаралоого аргасыз болгон. Башка коңшулар чыдоого, бирок лифт күткөнчө мурундарын алакан менен тосууга мажбур.
Батирге алгач "Тазалыктын" кызматкери кирди. Кишен катары зымды колдонуп, бир итти алып чыгууга ашыкты эле пенсионер аны куткарып калам деген курулай аракет менен жандыкка жармашты. Бирок улгайган аялдын кыйкырганына, каргап-шилегенине карабай итти алып чыгып кетти. Андан кийин тырышканды токтотуп, кемпир келгендерди батирде башка ит калбаганына ынандырууга өттү.
Аягында пенсионер кийинип, колуна сумкасын көтөрө сыртка чыгып, коңшуларын тилдеп-сөгүп жатты. Ал эми алар Фердауса Зернованын бул үйдөн таптакыр чыгарууну соттон талап кылууга ниеткер экенин айтышууда.