БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 10-августта күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда 31…36 градус ысык болсо, Таласта абанын температурасы 35 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде термометрдин көрсөткүчү 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 26…31, ал эми Нарында 27…32 градус ысык болот.
Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы 33…35 градуска чейин жогорулайт.