БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектеги Байтик баатыр жана Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу кичинекей баланы коюп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Анын айтымында, кырсык саат 18:30дар чамасында болгон.
"Жашы 8-10дордогу бала жолдо жатат. Анын жанында бир кыз турат, эжеси окшойт", — деди күбө.
Милиция кишини сүзүп кеткен окуя болгонун тастыктады. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү милицияга саат 18.30да кырсык болгону тууралуу чалышкан. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.