БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Амангелди Жусубалиев информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июлдан 4-августка чейин Ирандын Тегеран шаарында өткөн олимпиадада өлкө намысын жалпысынан төрт окуучу коргогон. Билим сынагына 82 мамлекеттен 304 окуучу келген.
Аталган олимпиада 29 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Катышуучулар алгоритмдик тапшырмаларды чечип, программалоо боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүшөт.
Билим сынагынан байгелүү орунду ээлөө окуучулар үчүн эң чоң жетишкендик. Себеби аларга дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардан билим алууга мүмкүнчүлүк ачылат.